06.09.2018 21:05

Нарын ордосу - 31 боз үй тикти

Ал төбөсү ак карлуу тоо болгон ак калпак жана боз үйдүн элеси түшүрүлүп, улуттук баалуулуктарды душмандан сактаган калкан, найзалардын элеси түшүрүлгөн композицияны өзүнө камтыды. Оюндардын символу болгон ак илбирс жана Кыргызстандын жергесин байырлаган кайберен,  түндүктүн үстүнөн айланып учкан ак шумкар чагылдырылган.

Ордонун ортосуна кыргыз элинин  буюмдарынын көлөмдүү макети орнотулган. Кыргыздын улуттук аспабы комуздун бийиктиги 5,5 метр жана ак калпактын бийиктиги 3 метрди түзөт.

Нарын облусу «Көчмөндөр ааламы» фестивалына мыкты даярдыкта катышууда.  Сынактардын бардык шартына ылайык элдик кол өнөрчүлөр, темир устачылык, жыгач устачылык, зергерчилик, ала кийиз жасоо, байыркы маданий жана турмуштук эмеректер, боз үйлөрдү ылдамдыкта тигүү, улуттук салттуу ырлар, салттуу бийлер, саркеч кийим, каада-салт жана башка кароолордо күч сынашууда.

«Каада-салт» сынагында Нарын облусу «Куда түшүү» салтын айтылуу Соң-Көлдүн сулуусу Ак мөөрдүн образында театрлаштырып эл назарына салды. Көк түстөгү көлөмдүү кездеме ордонун ортосуна жайылып, толкуган көлдүн элесин берди.

75 баштуу, 5 канат боз үйдү ылдамдыкта тигүүдө 2 топ жогорку даярдык менен келди.

Спорттук мелдештер боюнча:III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда  Кыргызстан командасынын курамында катышып жаткан нарындык Нурбек Исмаилов Оймок аттуу кушу менен «Бүркүт салуу» сынагында алтын медаль тагынса, «Далба» (ителги салуу) сынагында дагы баш байгени нарындык  Мурат Абдылдаев жеңип алды.