06.09.2018 12:56

Ош ордосу – Оштон келген модельерлер көчмөндөрдүн улуттук кийимдеринин 80 ден ашык түрүн көрсөтүштү

Кырчын этношаарчасындагы Ош шаарынын ордосу ар кандай стилдеги жана багыттагы, б.а. этномодадан тартып байыркы эпостордо сүрөттөлгөн тарыхый үлгүлөргө чейинки көчмөндөрдүн улуттук кийимдеринин 80 ден ашык түрүн көрсөтүштү. 

Модельерлердин коллекцияларынын курамында аялдардын кийими, анын ичинде жаш кыздар, келиндер, толуп турган аялдар үчүн, ошондой эле эркектер үчүн кийимдер бар. 

Ош ордосунда 24 боз үй тигилип, анда кол өнөрчүлөрдүн-уздардын жана элдик-колдонмо искусство чеберлеринин колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсү коюлган. Андан тышкары, меймандар үчүн чыгармачыл жамааттардын жана аткаруучулардын оюн-зооктору уюштурулган. 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов белгилегендей, Ош быйылкы жылы улуттук тамак-аштардын жана улуттук кийимдердин ондогон түрлөрүн көрсөттү, ал эми чыгармачыл жамааттар таланттар конкурсунда «Кыз узатуу» (проводы невесты) салтын көрсөтүшөт.

Ош байыртадан эле өзүнүн кол өнөрчүлөрү жана алар жасаган продукциялар менен даңкталып келет. Улуу Жибек Жолу тутумунун маанилүү борбору болуу менен, шаардын кол өнөрчүлүк устаканаларында жыгачтын, металлдын, таштын, чопонун, пахтанын, кийиздин, зыгырдын, жибектин ар кандай түрлөрүнөн ар түрдүү предметтерди жана буюмдарды жасашкан.