13.04.2016 12:00

Тегеранда II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу таанытуу иш-чарасы болуп өттү


Кыргызстандын Тегерандагы элчилигинде 11-12-апрелде Кыргызстандын “II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары-2016” долбоору тууралуу таанытуу иш-чарасы жана Спорттун этникалык түрлөрү жана Ирандын Улуттук оюндары боюнча федерациясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  PR-акция Ирандын алдыңкы жана чоң масс-медиа (IRNA, Farsnews, TehranTimes, MehrNews, ISNA, IRIB мамлекеттик телерадиокомпаниясы, Kanoon гезити,  GardeshgaryIranian туризмдик басмасы ж.б.)  журналисттеринин жана өкүлдөрүнүн, ошондой эле Ирандын Спорттун этникалык түрлөрү жана Улуттук оюндары боюнча федерациясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.  

Аталган иш-чарада Кыргызстандын Ирандагы элчиси А. Осмоналиев КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2012-жылы сунушталган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Концепциясы тууралуу айтып берди.

А. Осмоналиев ирандык коомдун бардык катмарларына спорттун этникалык түрлөрүн жана улуттук оюндарын жайылтууга өзгөчө маани берген, жандандыруу максатында спорттук иш-чараларды жана фестивалдарды өткөрүп келген Иран өлкөсүнүн катышуусун жогору баалады.

КРнын элчиси Кыргызстанда “II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары-2016” долбооруна даярдыктар катуу жүрүп жаткандыгын айтып, Ирандын мамлекеттик органдарын бул иш-чарага катышуусуна, ал эми Ирандын масс-медиа өкүлдөрүн ар тараптуу эфирди камсыздоо максатында Кыргызстанга  келишин сунуштады.

Таанытуу иш-чарасынын конокторуна жана катышуучуларына  Дүйнөлүк  Көчмөндөр  Оюндарына байланыштуу видео жана кагаз түрүндөгү материалдар, ошондой эле Оюндарга катышуу боюнча эрежелер жана шарттар тууралуу тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.

Алынган булак: Кабар