06.07.2016 18:00

Түркмөнстан Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышат

Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде 2016-жылы 3-8-сентябрда өлкөнүн тарыхындагы эң чоң спорттук иш-чара – II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары  өтөт.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары салттуу спорттук иш-чаралардан айырмаланып турат. Бул фестиваль чоң спорттук иш-чараларда болуп көрбөгөн  көчмөн элдердин спорттук мелдештерин, ошондой эле катышуучу мамлекеттердин салт-санааларын жана үрп-адаттарын чагылдырып турган бир нече маданий иш-чараларды жана спорттук көрсөтүүлөрдү өз ичине камтыйт.  

Оюндарды өткөрүү Кыргызстандын демилгеси. Анын негизги көздөгөн максаты  ааламдашуу доорунда дүйнө элдеринин маданиятын, өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгүн, жашоо тартибин жандандыруу жана сактоо болуп саналат.

I Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Кыргызстанда 2014-жылы сентябрь айында өткөн. Анда спорттун 10 түрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүп, ага 19 өлкөдөн келген спортчулар катышкан.

Бул жылы 23 түр спорттук мелдештерди (анын ичинде ар кандай күрөштүн түрлөрү, ат жарыштар жана мелдештер, жаа атуу, бүркүт салуу жана тайган жарыш бар) өткөрүү пландалып жатат.

Бийик тоолордун арасында, Кырчын жайлоосунда көчмөн маданиятынын шаарчасын куруу пландалып жатат, анда көчмөндөрдүн ич жасалгалуу боз үйлөрү, кол өнөрчүлөрдүн устаканалары орнотулат. Оюндар өтүп жаткан маалда фольклордук фестиваль да өткөрүлөт.

Бул жылы 40тан ашык мамлекеттин спортчуларынын катышуусу пландалып жатат, ал мамлекеттердин арасында Азербайжан, Австрия, Бразилия, Венгрия, Германия, Иран, Казакстан, Корея, Монголия, Орусия, АКШ, Түркмөнстан, Түркия, Франция ж.б. бар.

Белгилүү болгондой, фестивалда Түркмөнстандын бүркүт салуу жана тайган менен аңчылыгына, “гореш” деп аталган улуттук күрөшүнө, килем токуу жана зергерлик сыяктуу байыркы көркөм өнөрүнө, улуттук ырларына жана бийлерине, улуттук кооз кийимдерине күбө болобуз. 

Алынган булак: Түркмөнстан Кабарлары