09.05.2016 12:00

Улуу Ата-мекендик согуштун Жеңиш күнү менен куттуктайбыз!


Урматтуу кыргызстандыктар!

“Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” катчылыгы Сиздерди 1941-1945жж. Улуу Ата-мекендик согуштун Жеңиш күнү менен куттуктайт!

Бул күн жан дүйнөнү толкундаткан эл аралык, улуу күн! – биз мекенибизди коргогон баатырларыбызга, эр жүрөк каармандарыбызга башыбызды ийип, таазим кылабыз. Улуу Жеңиш күнү бул - элдердин эр жүрөктүүлүгүн, руханий күчүн, биримдигин даңазалаган күн.

Согуштун каардуу, ызгаар күндөрүнө карабастан, ачка болсо да, майдандагы мекендештерин курал жарак, тамак-аш менен камсыз кылган тылдагы бабаларыбыздын, энелерибиздин эрдиги келечек муундарыбызга айтуу биздин парз. Бул Улуу Жеңиш күнүнө бара жаткан жолдо миллиондогон мекендештерибиз мекен үчүн курман болушуп, бул жолду басып өтүү жеңилге турган жок. Алардын элеси дайым биздин жүрөгүбуздө түбөлүккө сакталат!

Урматтуу Ардагерлер!

Сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз – бул күн бир жагынан кубанычты тартууласа, экинчи жагынан миллиондогон мекендештерибизден ажырап, кайгыны көз жашка толтурууда.

Чын жүрөктөн айтылган баардык ыраазычылыктарды Сиздерге каалап, башыбызды ийип, таазим кылабыз! Чын жүрөктөн Сиздерге тынчтык жана жакшылык , бакыт жана ден соолук , бакубатчылык жана узак өмүр каалайбыз!

ДКО 2016 Катчылыгы