01.08.2018 12:19

Улуу Кыргыз Каганатынын театрлаштырылган көлөмдүү тарыхый көрсөтүүлөрүнө күбө болушат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин “Кырчын” этношаарчасында өтөт.
Көрүүчүлөр “Көчмөндөрдүн алтын доору” жана башка улуттук салтуу ырларга, бийлерге, улуттук каада-салтар жөнүндө айтуучуларга, көчмөндөрдүн жашоосуна, оюндарына, элдик кол өнөрчүлөр        жарманкесине, улуттук тамак-аштарды көрсөтүү ооз тийгизүү, көчмөн элдин кийимдер көргөзмөсүнө, чыгармачылык жана искусство менен танышууга (сүрөт, чийүү, айкелчилик), көчмөн элдеринин өзгөчөлүгүн чагылдырган жана камтыган иш-чаралардын театрлаштырылган көрсөтүүлөрүнө күбө болушат. 
 
Мындан сырткары, этношаарчада дүйнө элинин эпостору, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тыкан тигүү жана жыйноо мелдештери уюштурулат. Кырчын капчыгайына келгендер орто кылымдагы аскердик жана ат үстүндөгү көрсөтүүлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Кырчын” этношаарчасынын жооптуу режиссёру Талант Апыев айткандай, 1000ден ашуун адам катышкан “Көчмөндөрдүн алтын кылымы”  театрлашкан көрсөтүүлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашат. Анын айтымында, “Көчмөндөрдүн алтын кылымы”  биздин эранын IX, X кылымдарын камтыган  кыргыз тарыхын чагылдырат.     «Түндүк  Сибирден түштүктү карай Тибетке чейин, батыштан түштүк Уралды карай Амур дарыясынын чыгышына чейинки чек араларда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү доору баяндалат. “Көчмөндөрдүн алтын кылымы” программасында биздин элдин ошол мезгилдеги улуу маданияты, жашоосу, каада-салты, конок тосуусу, аскердик жүрүштөрү чагылдырылат. Өз мезгилинин жашоосун чагылдырууга 1200 адам тартылды. Анын ичинен 100гө жакынын актерлор жана каскадерлор түзөт. Алар башкы ролдорду аткарышса, калгандары сахнадагы көпчүлүктү түзүүчүлөр», - деп кошумчалады Талант Апыев.


Режиссёр белгилегендей, мамлекеттик театрда даярдык жүрүп жаткан учуру. Маектешибиздин сөзүнө караганда, кеңири даярдык Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтөт.  Оюндарга жакын 27-августта “Кырчын” этношаарчасында  башкы даярдык жүрөт.


“Көчмөндөрдүн алтын кылымы” көрсөтүүлөрүнүн сценарийи сыр бойдон сакталаарын жана толук айтып бере албасын Т.Апыев маалымдады. Көрүүчүлөр, коноктор Кырчында эстен кеткис көрсөтүүлөргө күбө болоорун кошумчалады. Тагыраагы, Кырчын жайлоосундагы легендада кыргыз хандыктары, чет элдиктерди, конокторду тосуу, Кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү өлкөлөр биримдиги жана Кытай империясынын, Монголия жана башка мамлекеттердин  элчилери чагылдырылмакчы.    Мындан сырткары, уюштуруучулар Улуу Кыргыз Каганатынын аскердик жүрүшү,  душмандар менен кармашы туурасындагы тарыхты чагылдырууга  аракет кылышууда.