02.07.2016 20:00

Женевада Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын презентациясы өттү

30-июнда Женевада Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчилигинин, БУУ алдындагы туруктуу өкүлчүлүктүн жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардын пресс-конференциясы болуп, анда Кыргыз Республикасынын БУУ алдындагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын таанытуу иш-чарасын өткөрдү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Данияр Мукашев жана Жанар Акаев Женевадагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн, швейцариялык ММК жана ар кандай уюмдарды Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын тарыхы, концепциясы,  уюштуруу түзүмү, ошондой эле алдыдагы иш-чарага катышуунун шарттары тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле пресс-конференцияда Кыргызстан, анын туризм жаатындагы потенциалы тууралуу презентация жасалып, өлкө тууралуу кыска метраждуу фильм көрсөтүлдү, Данияр Мукашев жана Жанар Акаев катышуучулардын суроолоруна жооп берди жана баардык каалоочуларды Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына чакырды.

Алынган булак: CA-NEWS