07.09.2016 15:30

Жирит оюнунда Кыргызстан жана Түркия 1-орунду тең бөлүштү

Бүгүн, 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ДКО алкагында Кыргызстан жана Түркиянын ортосунда жирит оюну боюнча алтын медалга ээ болуу үчүн беттеш өткөрүлдү.

Кыргызстандын атынан Орузбай уулу Руслан, Нияз уулу Таалай, Айып уулу Айбек, Мамыш уулу Ильяз, Шаршенбай уулу Мирбек жана Суербаш уулу Нурбек катышты.

Түркиянын атынан Эрдоган Инжесу, Жумхур Озтурк, Сердар Коркмаз, Лютфуллах Арине, Ахмет Бурак, Муаром Фидан и Селчук Сойлолиз катышты.

Биринчи таймда ар бир команда 3 упайга ээ болду. Экинчи тайм да бирдей жыйынтык менен (50 упай) аяктап, оюндун жыйынтыгында калыстар корпусу жеңишти эки командага тең ыйгарды.

Оюн аяктагандан кийин сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Алтын медалдардан тышкары командаларга 250 сом өлчөмүндөгү байге  тапшырылды.

Кошумча маалымат: Жирит (атчан найза ыргытуу)  - түрк элинин салттуу ат спорту. Ага эки команда катышат. Оюндун максаты атаандашатарына найза ыргытуу менен көбүрөөк упай топтоо болуп саналат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы