03.03.2018 17:06

Ак илбирс III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары

Жаратылышка таазим кылуу көчмөн элдеринин кылымдан кылымга уланып келаткан негизги философиясы. Жаратылыш менен жуурулушуп жашагандыктан көчмөн элдери жаратылыштын кыйынчылыктарын оңой жеңишкен.  Себеби жаратылыш бир жагынан тамак аш, жылуулук жана коргонууну ыроолосо, экинчи жагынан ар кандай сел, бороон, кургакчылык сыяктуу апааттары менен сүр берип келген.

                            
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу салттарды жандандыруу менен, жапайы жаратылышты коргоо жана ага урмат кылуу маселесине терең токтолобуз. Ошол себептен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары катары Кыргызстандын ак кар, көк муздарында жашаган кооз айбанаттын бири – ак илбирс каралып келет.

Тилеке каршы бир кезде адам баласы муктаж болгон коргоонууга, азыр, ошол ак илбирс муктаж болуп келет. Бир гана айырмасы, ал кезде адам баласы жаратылыш апааттарынын алдында куралсыз болуп келсе, азыркы учурда ак илбирс адам баласынын алдында алсыз жана куралсыз. Адамдар тарабынан бул жаныбарды акылсыз кыруу көрүнүшү, бул уникалдуу жаныбарга көз кырыбызды салууга түрткү болду. Бүгүнкү учурда, дүйнө жүзүндө бул жаныбарлардын саны болгону 4 миңден 7 миңге чейин эле калды.

                           
Акыркы жылдары ак илбирстерди коргоо боюнча дүйнө коомчулуктары көп долбоорлорду ишке ашырышты. Бул маселенин чечилишине Кыргызстан тарап да көп аракеттерин жумшады. Ак илбирсти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары катары көрсөтүү менен биз, дагы бир ирет дүйнө элдерине бул жаныбарды коргоонун зарылчылыгын билдиребиз.