Логотип

Логотип

Көчмөндөр Оюндарынын эмблемасы  төмөнкү элементтерден турат: 
 - ааламды туюндурган тегерекче;
 - ат - көчмөндөрдүн эң негизги символу; 
 - аттын үстүндө - күн баштуу адам. 

Борбордук фигуранын башынын ичинде мейкиндикти 4 ааламга бөлүп турган  ашташкан жыгач орун алган. Бул асман бейкуттугунун универсалдуу символу дегендикке жатат.

Эмне себептен күн баштуу адам? Анткени, баардыгына бирдей жарык берген Күн биз үчүн тазалыктын жана тең салмактуулуктун символу. Саймалуу-Таш сүрөттөрүндө да Күндүн сүрөтүнүн чегилгендигин көрүүгө болот. Кыргыздар көчмөн цивилизациясынын өкүлү катары өзүндө дайыма адеп-ахлактык тазалыкты сактап келген, биздин эл улуттук жана диний көз караштардан өйдө турган  калк болгон. 

Көчмөндөр Оюндарынын эмблемасынын автору - Майрамкул Асаналиев.