Каада салттар

Балдарга байланыштуу салт-санаалар

Балдар бала чагынан эле ата-энесинин жардамчысы жана жөлөк-таягы болуп, күнүмдүк оокатка кол кабыш кылып келген.

Тил албаган баланын атын шайтандарын алдоо максатында өзгөртүп салышкан. Мисалы: ушундай көрүнүш китепте да баяндалган: “ Кычан – баланы жаны тынбаган жана тынчы жок деп молдо анын аты тилдеген сөздөн болушун (Кычан) сунуштаган. Анткени минтип атай берсе, шайтандар аны таба албай калат дагы, бала тил алчаак болуп калат”.

Баланын ысымы улуу инсандын аты менен аталса, мисалы: Манас же Чыңгыз болсо, бала ооруй баштаган. Мындай ысымдар бала үчүн күчтүү болуп, аны көтөрө албай калышы мүмкүн деп айтышкан. Ошондо ата-энеси баланын атын андан жумшагыраак кылып өзгөртүп айтышкан, ал эми эр жетип, чоңоюп калганда төрөлгөндө ысымы кандай коюлса ошол ат менен чакырылып калган.

Бала төрөлгөндө ага тумар кийгизилген, ал өзүнүн ээсин өмүр бою сактап турган. Салт боюнча ымыркайдын биринчи тамагы сары май болгон, андан соң балага көйнөк кийгизилген. Көйнөк карыган кишинин же көп балалуу, сыйлуу карыган аялдын кийиминен алынган ак чүпүрөктүн курактарынан тигилген.

Бала төрөлгөндө дайыма сүйүнчү берилет. Сүйүнчү бул сүйүнүчтүү кабарды айтып келген кишиге ымыркайдын апасына белек катары берилген. Бир нече убакыт өткөндөн кийин жентек же бешик той өткөрүлөт. Ага баардык туугандар чогулуп, ымыркайга ат тандалат. Азыркы учурда жаш ата-эне баласына ысымды өзүлөрү ыйгарып калган же ата-энесинин кеңешин угуп, ат коюп калган, ал эми майрамды баланы көрсөтүү үчүн гана өткөрүп калышты.

Бала баса баштаганда тушоо той берилет. Тушоо тойдун негизги өзгөчөлүгү – чуркоо. Туугандар балага жарыша чуркап келет дагы, биринчи келгени баланын бутуна байланган жипти кесет. Жип баланы кулата турган тоскоолдуктар деп түшүндүрүлөт. Мындай тойдон кийин бала басканды тезирээк үйрөнүп кетет. Үч, беш же жети жаштагы балдарга сүннөт той берилет. Ал эми кыздардын өсүп жетилиши  жеңилирээк өткөн. Кыз-киши  10 жашка чыкканда чачтары майда өрүлүп, жетилгенге чейин чачы экиге өрүлгөн бойдон жүргөн. Жашы жетип калган кыз-киши өзүн оор басырыктуу жана токтоо алып жүрүшү керек болгон.

Үйлөнүү тоюнун салт-санаалары

Үйлөнүп жаткан жаштардын ата-энеси бири-бирин куда деп атап, дайыма сый мамиленин үстүндө жүрөт.

Көчмөн кыргыздарда куда түшүү кыздын же баланын көбүнчө ымыркай кезинде эле башталган. Азыркы тапта мындай көрүнүш жоюлуп кетти. Мындай убаданы эң жакын достор бири-бирине берген, мисалы: эгерде уулдуу жана кыздуу болушса, алар сөзсүз түрдө куда-сөөк болууга макулдашкан.

Жаш келинге үйлөнүп жатканда же куда түшүп келгенде сөйкө салынат. Көпчүлүгү молдого нике кыйдырат.

Үйлөнүү тою – дайыма укмуштуу болуп, өтө көп каражатты сарптайт. Кызды алып кете турган болочоктогу күйөөсү аны алып кетерге келгенде кыз узатуу болот. Кетерге бир күн калганда кыз баардыгы менен коштошот, өзү теңдүү курбулары менен майрам өткөрөт. Майрам оюндар, ырлар менен коштолот. Жаштарды узатуу жана келиндин күйөөсүнүн айылына келиши да ушул сыяктуу той менен белгиленген.

Күйөө тарапка аркан тартылат – анын ата-энеси майда белек-бечкектер менен кутулушу керек. Кыздын үйүндө ырым-жырым өткөрүлгөн  - атайын бир аял алынып келинген куржундарды ачып, кыздын ата-энесине жана жакын туугандарына  кымбат-баалуу кийимдер берилген. Андан соң калың берүү салты өткөрүлгөн. Көчмөн кыргыздарда калыңды көпчүлүк учурда мал түзгөн.

Тойдун алдында кыздын аял туугандары  чач өрүү ырымын өткөргөн. Үйлөнүү кийимин кийгизип, кыздын туугандары кызды баланын ата-энесине көргөзгөн. Бул “жүз көрүшүү” деп аталат. Кызды коштоп келгендиги үчүн жанындагылар белек алган. Кызды узатып жатканда кошоктор айтылган. Анткени кыз турмушка чыкканда өз үй-бүлөсү үчүн чоосун бирөө болуп калат. Ошондуктан кыз менен акыркы сапарга узаткандай коштошушкан.

Келин күйөөсүнүн айылына келгенде шөкүлөнүн ордуна элечек кийген. Отко киргизүү, нике кыюу, келин көрүү, өкүл ата, өкүл эне ж.б. ырымдар өткөрүлгөн. Келинге кээ бир чектөөлөр коюлган. Мисалы: жолдошунун туугандарын аты менен атоого, артын салууга, бутун созуп отурууга, катуу жана орой сүйлөөгө, башы ачык жүрүүгө, жылаңайлак жүрүүгө тыюу салынган. Күйөөсүнүн жашы улуу туугандары менен бетме-бет астынан чыгып, көрүшүү туура эмес деп каралган.

Салт боюнча келин атасынын айылына бир жылдан кийин барган. Аны “төркүлөө” деп атап коюшат. Келин атасынын үйүндө бир нече күн же ай турган. Анын ата-энеси кызына сеп даярдап, той күнү күйөө баласынын тарабына беришкен. Септе жаштардын жашоосуна керектелүүчү бардык ийне жибине чейинки  буюмдар болгон. Негизгиси сеп калыңдан кем болбошу керек болчу. Калың жана сеп элдин салт-санааларында дале бар.

Көргө коюу ырым-жырымы

Азыркыга чейин кыргыздын көзү өткөндө үйдүн алдына боз үй тигилет. Көзү өткөн кишинин жашына жараша боз үйдүн үстүнө белгилүү бир түстөгү желек коюлат: кызыл – жашка, кара – орто жашка, ак – карыган адамга. Боз үйдүн ичинде аялдар гана жай отура алган. Алар өтө жогорку үн менен кошок айткан.

Ошол учурда баардык туугандары так жана өз убагында милдеттерин аткарышы керек: бирөө кабар берген, бирөө көз көрсөтүп келгендерди кабыл алып, жайгаштырган, дагы бирөө тамак-ашка жооп берген. Аза учурунда тартип жана коопсуздук орун алган. Кишинин көзү өткөндөн кийин анын туугандары кайда болсо да келүүгө милдеттүү болгон. Бул маркумга болгон сый-урматы деп билинген. Биринин келбей калышы кандай гана себеп болбосун кечиримдүү болгон эмес.

Негизги чыгымдар жакын туугандардын жана кудалардын мойнунда болгон. Ар бир келген киши сөзсүз түрдө кошумча алып келген. Мына ушундан улам каза болгон кишинин туугандарынын материалдык абалы төмөндөп кеткен эмес.