Этносаркеч

Этносаркеч

Көчмөндөрдүн улуттук кийими – бул көчмөндөрдүн материалдык маданияттарынын бири, так ошол этносаркеч азыркы адамды мурунку кылымдарга саякаткаттатып, ар элдин маданиятын, улутун чагылдырган элдер ортосундагы диалог аянтчасы болуп саналат.

“Этносаркеч” иш чарасына катышууга кийим дизайнерлери, жеке дизайнерлер (чыгармачыл топтун делагациясынын ичинен) чакырылып, алар салттуу, улуттук кийимдердин коллекцияларын же болбосо этно нуктагы заманбап кийимдеринин коллекцияларын көрсөтүшү керек.

Эң аз дегенде эле кийимдердин 10 түрү көрсөтүлүшү керек. “Этносаркеч” иш чарасынын алкагында кийимдердин көргөзмө жарманкеси өткөрүлөт.