Туруктуу Эл аралык Алтаистикалык Конференция

Туруктуу Эл аралык Алтаистикалык Конференция

Туруктуу Эл аралык Алтаистикалык Конференция (Permanent International Altaistic Conference, PIAC-ПИАК) – бирден бир абройлуу эл аралык илимий уюмдардын бири, ал туруктуу негизде түрк жана монгол элдерин изилдөө жаатында ири чыгыш таануучу адистердин башын бириктирип турат.

Алтаистика жаатындагы изилдөөлөр (тюрк таануу, монгол таануу, тунгус-маньчжу таануу, японистика, корея таануу) дүйнөлүк чыгыш таанууда өз тарыхын XVIII кылымдан тарта жүргүзө баштаган. 1957-ж. Германиянын Мюнхен шаарында  XXIV Эл аралык чыгыш таануучулардын конгрессинде PIAC түзүлгөн. 1963-жылдан тарта PIAC кийнки жолугушууну тосуучу окумуштууну президент катары шайлап алуу салтын баштаган.

Дүйнөнүн ири чыгыш таануучулары анын негиздөөчүлөрү болгон. Бул форумдун алгачкы Генералдык катчылыгына беш жылдык мөөнөткө профессор В. Хайссинг(Бонн университети) шайланган. Ар кайсы өлкөлөрдөгү чыгыш таануунун түрк таануу, монгол таануу, тунгус-маньчжу таануу, японистика, корея таанууга окшогон тармактарын камтыган алтаистиканын актуалдуу маселелерин изилдөөгө адистештирилген окумуштуулары ПИАКтын мүчөлөрү болуп саналат. Алтаистика лингвистикалык, тарыхый-маданий, булак таануучулук жана текстологиялык тематиканы өз ичине камтыйт. ПИАКтын сессияларына алтаистиканын аспектилеринин бирине чыныгы жана туруктуу кызыгуу арткан окумуштуулар катыша алат.

ПИАКтын ишмердүүлүгүндө “ички сырын ачуу” (confession) деп аталган бөлүк өзгөчө орунду ээлейт, анда кезектеги конференциянын катышуучусу өз илимий ишмердүүлүгү, илимий долбоорлорго катышкандыгы, өзүнүн жарыяланган же басылуу стадиясында турган илимий иштери жөнүндө баяндайт. Бул чет өлкөлүк кесиптештердин илимий кызыкчылыктары жөнүндө билүүгө жана алар менен түздөн түз байланышууга мүмкүндүк түзөт.

Евразия  элдеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин изилдөөгө адистерштирилген ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштуулары(Австралиядан, Австриядан, Белгиядан, Болгариядан, Кытайдан, Даниядан, Финляндиядан, Франциядан, Германиядан, Улуу Британиядан, Голландиядан, Венгриядан, Израилден, Италиядан, Япониядан, Кореядан, Монголиядан, Польшадан, Румыниядан, Испаниядан, Швециядан, Түркиядан, АКШдан, Россиядан, Казакстандан, Өзбекистандан ж.б.) ПИАКтын мүчөлүгүндө турат. 

 Дайыма өткөрүлүүчү Эл аралык Алтаистикалык Конференциясы түзүлгөндөн бери дүйнөлүк илимий коомчулукта чоң илимий абройго жана сый-урматка татыды. Ал өз ишмердүүлүк чөйрөсүнө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн окумуштууларын тартып, алтаистика жаатындагы изилдөөлөрдүн өнүгүүшүнө көп көмөк көрсөткөн жана азыр да көмөктөшүүдө.

Өткөн жылдары көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн окумуштууларга алтаистикалык изилдөөлөр жаатындагы алтаистикадагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн берилүүчү Индиана Университетинин сыйлыгына (“PIAC алтын медалы) ээ болгон. “PIAC алтын медалына” И.Цинциус, А.Н.Кононов, Н.А.Баскаков, А.М.Щербак, С.Г.Кляшторный, Барбара Хейнкель ж.б. окшогон окумуштуулар татыктуу болушкан.

2017-жылдын 27-августунан 1-сентябрына чейин  Шекешфехервар шаарында (Венгрия) өткөрүлгөн жылыга өтүүчү Эл аралык Алтаистика Конференциясынын (PIAC) 60-жыйынынын жыйынтыгы боюнча кийнки кезектеги PIAC конференциясын Кыргыз Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынган. 

PIACтын генералдык катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хейнкеле (Германия) жана азаркы учурда иштеп жаткан төрагасы Акош Апотоцки (Венгрия) форумду 2018-жылы уюштурууну И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Сыңар Алымкуловага тапшырышкан.

PIACты чакыруу идеясы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өткөрүлгөн “Алтай цивилизациясы жана алтай тектеш тилдеринин элдери” форуму өтүп жаткан учурда жарыяланып,  PIAC мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Мира Карыбаева тарабынан сунушталган.  

Салттуу түрдө алтаистикалык конференция илимдин кеңири тармактарын  камтыйт, мисалга, филология, лингвистика, ошондой эле тарых, археология, этнология жана искусство. ПИАКтын көп жылдык салты көрсөткөндөй, баяндамалардын изилдөө багыттары сунушталган теманын чегинен чыгып кетет. Пленардык отуруму көчмөн цивилизациясынын маселелерине арналган  бул конференция дагы, адаттан тышкары болуп саналбайт. Ата мекендик окумуштууларыбызга дүйнөлүк атак-даңкка ээ окумуштуулар менен таанышып, чет элдик изилдөөчүлөрдүн баяндамаларын угуу уникалдуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

PIACтын 61-конференциясынын ишине 45тен ашуун өлкөдөн: Венгрия, Германия, Кытай, Корея, Кыргызстан, Монголия, Польша, Россия Федерациясы, Румыния, Словакия, АКШ, Түркия, Франция, Япония ж.б. өлкөлөрдөн 70 окумуштуу катышат.

“Элдик оюндар жана ага байланыштуу алтай дүйнөсүндөгү каада-салттар” аттуу 61-Эл аралык Алтаистика Конференциясы Кыргызстанда өткөрүлүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна  тушташ, Бишкек шаарында 2018-жылдын 26-августунан 31-августуна чейин өтөт.