“Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивали

“Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивали

“Көчмөндөр ааламы” Эл аралык этнофестивалы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий прогаммасын өзүнө камтыйт. “Көчмөндөр ааламы” Эл аралык этнофестивалына катышуу үчүн, долбоорго кызыктар болгон мамлекеттер чакырылат.

Этнофестивалдын багыттары

  • Дүйнөлүк цивилизациясынын негизги себепкери болгон көчмөндөр элдеринин этномаданий мурастарын сактоо.
  • Глобализация доорунда эл аралык денгээлде көчмөн элдеринин жана дүйнө жүзүндөгү этностордун этномаданиятын,салттарын өнүктүрүү, даңазалоо жана илгээрилетүү.

Этнофестивалдын иш чаралары жана өткөрүү убактысы

Чет өлкөлүк чыгармачыл коллективдер, жеке аткаруучулар жана маданий ишмерлер төмөнкү көрсөтүлгөн багыт боюнча этнофестивалга катыша алышат:

1. а эстрада).
2. Этнобий.
3. Этносаркеч.
4. Этнобазар (көргөзмө - жарманкеси).
5. Эпос айтуучулар (эпос, дастан)
6. «Этноүй» (көчмөн үйү).

Этнофестиваль, өлкөлөрдүн тарыхын, маданиятын, жашоосун чагылдырган, ар бир мамлекеттен келген катышуучулар тарабынан коюлган улуттук, маданий программаны камтыйт.

Өткөрүү күндөрү: 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин.

Өтүүчү жай: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Борбордук ат майданы” жана “Кырчын” капчыгайы.

Этнофестиваль тууралу кыскача баяндоо

    “Этнохит”

Ооздон оозго, муундан муунга берилип келаткан дүйнө элдеринин музыкалары, ошол элдердин маданиятын, көз карашын, тарыхын, жашоосун чагылдырып турат. Ар бир элдин, өзүнүн мүнөзүнө жараша наасааттык ырлары, чыгармалары бар.

Иш чаранын негизги максаты, ар элдин музыкалык маданияттарын, ырларын дүйнөгө таанытуу.

“Этнохит” иш чарасына фольклёрдук этнографиялык ансабльдар, элдик ырларды ырдаган жеке ырчылар, аспаптык музыкалар, эстрада ырчылары (чыгармачыл топтун курамындагы) катыша алышат.

“Этнохит” иш чарасында өз элинин тарыхын, маданиятын, жашоосун чагылдырган элдик аспаптык музыкалар, элдик жана эстрадалык музыкалар, фольклёрдук музыкалар жаңырат деп ишенебиз.

Эстрадалык аткаруучулар 2 ырдан ырдашат:

  • Этно стильдеги ырлар;
  • Мамлекетинин хит ырлары.

“-1” фонограммасын колдонууга жол берилет.

    “Этнобий”

Салттуу улуттук бий - бул ар бир элдин этномаданиятынын ажырагыс бир бөлүгү. Иш чаранын аталган программасы дүйнө элдеринин нукуралуу этнобийин демонстрациялоого арналат. “Этнобий” иш чарасында бир ырчынын же ансабльдын аткаруусунда (чыгармачыл топтун делегаттарынын курамында) ырлар аткарылышы мүмкүн. Прграммада ырым жырым бийлери, элдик бийлер жана тарых, маданият, жашоону чагылдырган бийлер камтылышы керек.

 

    “Этносаркеч”

Көчмөндөрдүн улуттук кийими – бул көчмөндөрдүн материалдык маданияттарынын бири, так ошол этносаркеч азыркы адамды мурунку кылымдарга саякаткаттатып, ар элдин маданиятын, улутун чагылдырган элдер ортосундагы диалог аянтчасы болуп саналат.

“Этносаркеч” иш чарасына катышууга кийим дизайнерлери, жеке дизайнерлер (чыгармачыл топтун делагациясынын ичинен) чакырылып, алар салттуу, улуттук кийимдердин коллекцияларын же болбосо этно нуктагы заманбап кийимдеринин коллекцияларын көрсөтүшү керек.

Эң аз дегенде эле кийимдердин 10 түрү көрсөтүлүшү керек. “Этносаркеч” иш чарасынын алкагында кийимдердин көргөзмө жарманкеси өткөрүлөт.

 

    “Этнобазар”

Салттуу кол өнөрчүлүк көчмөндөрдүн материалдык эмес маданий мурастарынын эң маанилү компонентеринин бири болуп саналат. Көчмөдөр байыркы доорлордон тарта кол өнөрчүлүк жактан даңазаланып келет. Жергиликтүү жаратылыш материалдарынан саркеч килемдерди токушуп, ювелирдик зергер буюмдарды, тиричиликке керектүү бүюмдарды жана аскер жабдыктарын, ат жабдыктарын жасашкан.

Кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары “Этнобазар” иш чарасындагы атайын көргөзмө-жарманкесинде, мастер-класс бөлүгүндө көрсөтулөт. Катышуучулар өз элинин салттарын, маданиятын чагылдырган кол өнөрчүлүк буюмдарын көрсөтүшү керек.

 

    Эпос айтуучулар (эпос, дастан).

Дүйнө элдериндеги Эпостор, дастандар муундан муунга калтырылып келет. Дүйнө эпосторунун оозеки түрдө айтылышын өркүндөтүү жана илгерлертүү максатта бул иш чара уюштурулууда.

Аталган иш чарада катышуучулар улуттук кийимдерин кийип алышып, эпос датастандарды айтуу менен бирге сөз чеберчиликтерин, драматургиялык аткарылышын даңазалашат (чыгармачыл топтун делегациясынын ичинен).

 

    Этноүй (көчмөндөр үйү)

Катышкан тараптарга “Кырчын” капчыгайында, көчмөн доорлорунда пайдаланылган боз үйлөрүн, алачыктарын, тез тигилип, тез жыйналуучу жеңил курулуштарды курууга уруксат берилет.

Аталган иш чара катышкан тараптын көз карашы менен уюштурулат. Мындан тышкары иш чарада байыркы доорлордо көчмөн элдери пайдаланган тарыхый экспонаттар көрсөтулүшү ыктымал.

 

Кызыккан суроолорго жооп алуу булагы :

Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм министирлиги
Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., А.Пушкин көчөсү 78.
Телефондор: + 996 312 66 24 04, + 996 312 66 39 15, +996 701 08 08 31, + 996 772 50 30 10
Электрондук почта: minculture.kg@gmail.com

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюуштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыгы.
Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Раззаков көчөсү 100,
Телефондор: + 996 312 66 07 70
Моб. тел.:  + 996 702 78 77 77
Электрондук почта: worldethnogames@gmail.com
Сайт:  www.worldnomadgames.com