Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө

Дуйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз Мамлекетинин эл аралык денгээлдеги эң ири долбоор. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар" долбоорунун автору жана жетекчиси Акибаев Асхат Акибаевич. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 9нан 14-сеньтябрь күндөрдүн аралыгында өткөрүлдү. Анда 19 мамлекеттен келген 583 спортчу күч сынашты. Мелдеш этноспорттун 10 түрүнөн өткөрулдү. Маданий иш чарасын өткөрүүдө 1200 адам катышты. ТВ берүү аркылуу 230 млн көрүүчүнү камтыды.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3нөн 8-сентябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында өткөрүлдү. Анда 62 мамлекеттен 1200 спортчу күч сынашты. Мелдештер этноспорт оюндарынын 26 түрлөрүнөн өткөрүлдү. ТВ берүүлөр 500 млн көрүүчүнү камтыды.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрь 2018-жылы өткөрүү пландалууда.

80 мамлекеттен 3000 спортчу келет деп күтүлүүдө. Мелдештер 37 этноспорт оюндарынын түрүнөн өткөрүлмөк болду.

III ДКОнын вазыйпасы

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамга берилген цивилизациялык мурас катары, этноспорт жана этномаданиятты өнүктүрүүгө багытталган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын вазыйпасы, этностор жана элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү. Ошондой эле этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөө. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чакырыгы “Күч биримдиги! Рух биримдиги!”.

III ДКОнын багыты жана максаты

Өнүгүү доорунда дүйнө жүзүндөгү этностор жана элтер арасындагы көп жактуу тарыхый, маданий мурастарды сактап калуу.

  • дүйнөлүк этноспорт кыймылын өнүктүрүү;
  • этностор жана элдер арасындагы этноспорт, салтуу оюндар мелдештерин эл аралык денгээлге чыгаруу менен бирге аны коомчулука кеңири таанытуу жана өнүктүрүү;
  • дүйнөдөгу этностор жана элдер арасындагы этноспорт кыймылына, этноспорттун түрүнө, илимий жана уюштуруу-методикалык түшүндүрмөлөргө жардамдашуу;
  • дүйнөдөгү этностор жана элдердин ар тараптуу, бай маданияттын жайылтып, өнүктүрүү менен элдер арасындагы диний, маданий диалогторду чыңдоо, этностор жана элдер арасындагы ар тараптуу маданиятты демонстрациялоо жана алардын ортсунда ынтымакты күчөтүп, бири-бири менен кызматташууну бекемдөө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары экологияга өзгөчө көңүл бурат. III ДКОнын расмий тумары ак илбир болуп саналат. Мындай аракеттин арты менен, уюштуруучулар, дүйнө элдеринин көңүлдөрүн ушул касиеттүү жаныбарды сактоого үндөйт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018 үч багытта өтөт:

  • Этномаданият
  • Этноспорт
  • Илим

Этномаданият

Этномаданият прогаммасыда этофестиваль “Көчмөндөр ааламы”, анын ичинде төмөнкүлөр камтылган:

  • Айтуучулук (эпос, уламыш, жомок),
  • Этнобазар (кол өнөрчүлүк жарманкеси жана мастер-класстар),
  • Этноүй (көчмөн үйү),
  • Этносаркеч (салттуу, заманбап кийим),
  • Этнобий (элдик бийлер),
  • Этнохит (эстрадалык жана фольклердук ырлар),
  • Көчмөн театры (драматикалык жана куурчак театры, ачык аянттарда коюу),
  • Заманбап искусство (көргөзмөлөр).

Этноспорт

Этноспорт программасы 37 этноспорт оюнун түрүн өзүнө камтыйт

Улуттук оюндар:

  • Ордо – улуттук оюн (Кыргыз Республикасы).

Ат чабыштар:

  • Ат чабыш – алыскы аралыкка ат чабуу;
  • Кунан чабыш;
  • Жорго салыш;
  • Бышты жорго;
  • Жумшактыкта ат чабуу
  • Дистанциялык ат чабыш.

Ат үстүндө таймаштар:

  • Көк бөрү – ат үстүндөгү улуттук оюн (Кыргыз Републикасы).
  • Эр эңиш – ат үстүндөгү улуттук күрөш (Кыргыз Республикасы).

Улуттук күрөштүн түрлөрүнөн мелдештер:

  • Алыш – улуттук бел боо күрөшү (Кыргыз Республикасы);
  • Ашыртмалы аба гюреши – улуттук бел боо күрөшү (Түрк Республикасы);
  • Гореш – улуттук бел боо күрөшү (Түркмөнстан);
  • Гуштини милли камарбанди (Тажикстан Республикасы)
  • Гюлеш – улуттук күрөш (Азербайжан Республикасы);
  • Казаx куресы – улуттук күрөш (Казахстан Республика);
  • Кураш – улуттук күрөш (Өзбекстан Республикасы);
  • Кыргыз күрөш – бел боо күрөшү (Кыргыз Республикасы);
  • Монгол бох – улуттук күрөш (Монголия);
  • Пахлавани – улуттук күрөш (Иран Ислам Республика);
  • Самбо – улуттук күрөш (Россия Федерациясы);
  • Ссырым – улуттук бел боо күрөшү (Корея Республикасы);
  • Сумо – улуттук күрөш (Жапон);
  • Көчмөндөрдүн улуу күрөшү  – биргелешкен бел боо эркин күрөшү

Жекеме-жекелик мелдештер:

  • Аркан тартыш – дүйнө элдеринин мелдештери
  • Таяк тартыш – улуттук мелдеш (Россия Федерациясы);
  • Кол күрөш – дүйнө элдеринин мелдештери.

Салттуу акыл курчуткан оюндар:

  • Тогуз коргоол – акыл курчуткан оюн (Кыргыз Республикасы);
  • Мангала – акыл курчуткан оюн (Түркия Республикасы);
  • Овари – акыл курчуткан оюн (Батыш Африка өлкөлөрү).

Салттуу жаа менен атуу оюндары:

  • Салттуу жаа менен атуу (Кыргыз Республикасы);
  • Салттуу жаа менен атуу (Түркия Республикасы);
  • Салттуу жаа менен атуу (Корея Республикасы);
  • Ат үстүндө салттуу жаа менен атуу (Түрк жана Кыргыз Республикалары);
  • Алыскы аралыкка салттуу жаа менен атуу (Венгрия).

Улуттук мергенчилик “Салбуурун” боюнча мелдеш:

  • Бүркүт салуу – бүркүт менен мергенчиликке чыгуу (Кыргыз Республикасы);
  • Далба – шумкар менен мергенчилик (Кыргыз Республикасы);
  • Тайган жарыш – иттерди жарыштыруу, тайган тукуму (Кыргыз Республикасы).

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына киргизилген жаңылык: улуу жеңүүчүлөр ортосундагы таймаш

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү эреженин эркинтүрүндө өткөрүлгөн бел боо күрөшү, катышуучулар – 13 улуттук күрөштүн обсолюттук жеңүүчүлөрү болуп саналат: алыш, аба гюреш, гореш, гуштини милли камарбанди, гюлеш, казаx куресы, кураш, кыргыз күрөшү, монгол бох, пахлаван, самбо, ссирым, сумо.

Улуу жеңүүчүлөрдү даңазалаган китеп – бул китеп дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүн даңазалап, алардын тарыхын сактаган жыл баян. Көчмөн элдеринин өзгөчөлүктөрүн чагылдырып, салттуу, тарыхый нукта жасалгаланат.

Көргөзмө оюндар

Ар бир мамлекеттен келген катышуучулар өздөрүнүн улуттук спортторун сунуштай алышат. Элдик оюндар, салттар көргөзмө оюн түрүндө көрсөтүлүп, ал оюндар негизги этноспорт оюндарынын курамына киргизилбейт.

  • Көк бөрү ат үстүндө
  • Көк бөрү топоз үстүндө
  • Кыз куумай
  • Тыйын эңмей
  • Джигитовка
  • Төө жарыш
  • Эшек минип жарышуу
  • Жана башка дүйнө элдеринин оюндары

Илим

Форумдун тапшырмалары:

  • Дүйнө жүзүндөгү адамдардын өнүгүү цивилизациясындагы көчмөн элдеринин маданиятынын ролюн жана ордун изилдөө;
  • Адам өнүгүүсүнүн теориясын жана көчмөндөрдүн цивилизациясынын теориясын изилдөө;
  • Көчмөн элдеринин маданияты жана тарыхы;
  • Маданияттын кыймылдаткычын жана элдик оюндар менен элдик каада салттардын байланыштарын изилдөө;
  • Заманбап көрүнүш жана келечек, дүйнө элдеринин тарыхый мурасы катары, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын феноменин изилдөө;
  • Ар кандай аспектерде салттуу, дене-тарбия жана этноспорт багытта илимий-методикалык негиздөөсү.
  • Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында илимий чөйрөдөгү изилдөөчүлөргө, илимдеги илимпоз жана уюштуруучуларга дайыма өткөрүлүүчү илимий “аятчаны” түзүү.

Форумдун алкагында өткөрүлүүчү иш чаралар:

  • III Дуйнөлүк көчмөндөр оюндарына багытталган жождордогу иш-чаралар, тематикалык илимий-практикалык конференциялар, тегерек столдор, конкурс жана викториналар;
  • “элдик оюндар, салттар жана үрп-адаттар” деген темада 61-эл аралык алтай конференциясы;
  • “дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: тарыхый мурас жана келечек” илимий конгресс.
  • “көчмөн элдеринин салттуу билимдерин жандандыруу, жайылтуу жана сактоо” семинар.
  • “шумкарлар жана алар жүргөн ареалдар, адам коомундагы гуманизациялык көйгөй” бүткүл дүйнөлүк илимий форум.