20.07.2016 18:00

Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катуу даярдыктар көрүлүп жатат

Учурда Бишкек шаарынын борбордук аянтында орнотулган сааттын жебеси Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын башталышына канча күн, канча саат, канча мүнөт калганын көрсөтүп турат. Мына ушунун өзү эле бул иш-чаранын канчалык даражада маанилүү экендигинен жана ага карата даярдыктардын кандай деңгээлде жүрүп жаткандыгынан кабар берет. Чындыгында эле, мамлекетибиздин кадыр-баркын көтөрүп, атын дагы да алыска тааныта турган бул иш-чараны өткөрүүгө карата даярдыктар учурда күжүлдөп жүрүп турган убагы.

Бул багытта Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурдин Султанбаев мындай дейт: «Учурда абдан чоң обьектилер курулууда. Мисалы, «Газпромдун» колдоосу менен дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинин курулушу жүрүп жатат. Анда күрөштүн бардык түрлөрү боюнча мелдештер өтөт. Мындан сырткары, Чолпон-Ата шаарындагы жаңы ат майданынын реконструкциясы аяктоо алдында турат».

Ат майданында ат үстүндөгү спорт оюндарынын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт. Ал эми кечке маал концерттик программалар коюлат. Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, 3 саатка созула турган өтө чоң шоу-концерт даярдалып жатат. Ага республикабыздын булуң-бурчунан келген миңден ашуун комузчулар да катышат.

«Бул шоу биринчи Көчмөндөр оюндарына караганда алдаканча кызыктуу болот. Албетте, биринчи Көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен экинчинин ачылышын салыштыруу бир аз туура эмес болуп калат. Себеби алдыда боло турчу иш-чаранын ачылышы өтө масштабдуу деңгээлде болот. Бул иш-чарага жалпысынан 1000ден ашуун ыктыярчылар тартылат. Алардын 200сү спорттук делегацияларга кызмат кылышат. 500ү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылышына кызмат кылышат, башкача айтканда массовкага тартылат», - дейт Нурдин Султамбаев.

Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин меймандостугун жана өзгөчөлүгүн даңазалай турган боз үйлөр шаарчасы курулат. Кыргыз элинин көз жоосун алган жаратылышына шайкеш келип, кооздугун дагы-да арттыра турган бул шаарча келген конокторду кайдыгер калтырбайт деп ишенип турабыз.

Кыргызстан өз кезегинде Көчмөндөр оюндарынын презентациясын 140 мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда Бакуда өткөн БУУнун цивилизациялар альянсынын форумунда өткөргөн. Уюмдагы туруктуу өкүл БУУнун радиосуна берген маегинде кызыгуу көрсөткөн бардык тараптарды,  Оюндарга келип катышуусуна чакырды. Мындан сырткары, Оюндардын презентациясы Женевада да өткөрүлгөн. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков БУУ Аткаруу кеңешинин өкүлдөрүн Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылышына чакырган.

Андыктан, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Кыргызстандын келечеги үчүн өтө олуттуу мааниге ээ болгон иш-чара экендигин эстен чыгарбашыбыз абзел.

Алынган булак: Gezitter.org