02.09.2018 18:01

Чет элдик жана жергиликтүү журналисттерге биринчи маалымат-жыйын өткөрүлдү

Чет элдик жана ата мекендик 1200дөн ашуун ЖМК өкүлдөрүнө Бактуу-Долоноту айылындагы Дене тарбия - чыңдоо комплексинде массалык маалымат-жыйын өткөрүлдү.

КРНын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов маалымат-жыйындын жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын тарыхында эбегейсиз жаңылык экендигин  белгиледи.

«Эл аралык деңгээлдеги бул ири долбоор улуттук спорт оюндарын өнүктүрүүгө, олимпиада оюндарынын программасына кошууга түрткү берет», - деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын «Күч биримдиги – рух  биримдиги!» деген урааны да тарыхта калат. Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда демилгеленип, ушул өлкөдө өттү.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  эбегейсиз жаңылыктары менен Кыргызстандын тарыхында калат. Демилгелеген өлкөдө башка өлкөлөрдүн иш-чараларынан айырмаланып, Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кырчын жайлоосунда өткөрүлөт. Оюндардын арты менен биздин жарандардын мекенчилдик сезимдери ойгонуп, сыймыктанышат. Жарандар мекенчилдик сезимдерин ЖМКларда жана интернет айдыңдарында байма-бай жарыялашууда», - деди биринчи вице-премьер-министр. Ал өз сөзүн жыйынтыктап жатып, спорттук жана маданият иш-чараларын, Оюндарын  өткөрүүгө Ысык-Көл облусунун объекттери даяр экендигин белгиледи. 

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга дүйнөнүн 60ка жакын өлкөсүнүн ЖМК өкүлдөрү  келгендигин маалымдады.

 «Көчмөндөр оюндары спорттук жана маданияттык кеңири программадагы бирден-бир ири долбоор. Бүгүн оюндардын ачылышында көптөгөн  өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу кубанычтуу. Журналисттердин натыйжалуу иштөөсүнө Көчмөндөр оюндарынын бадык локацияларында керектүү шарттар түзүлгөн», - деди министрдин орун басары.

Жаштар иштери, маданият жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору  Канат Аманкулов Оюндарга 37 спорттун түрү: ат чабыштар, ат үстүндөгү мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер, салттуу интеллектуалдык оюндар, жекеме-жеке күрөштөн, салттуу жаадан атуу, “Салбуурун” улуттук аң-уу түрлөрү жана башка оюндар кирди. Анын айтымында, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 өлкөдөн жана Россиянын бир катар субъекттеринен 1556 адам катышууну билдиришкен. Спорттук оюндарда бардыгы - 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш, 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы сыйлык фонду - 28 миллион сом.

Белгилесек, ири иш-чараны чагылдыруу үчүн Кыргызстанга дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет элдик ЖМКнын 500дөн ашык өкүлдөрү келишти. Анын ичинен 500ү телеканал, 12си радио, 67си маалымат агенттиги, 48и гезит, 50сү блогерлер.

Алардын ичинен BBC радиосу, Казахстандын “Хабар” телеканалы, «Канада журналы «Journal of Nomads», «Aljazeera network», CCTV кытай телеканалы, The New York Times, National Geographic Society, Associated Press, “NRC-newspaper” улуттук күндө чыгуучу нидерланд гезити, “Abu Dhabi Media” Бириккен Араб Эмираттарынын телеканалы, Associated Press, «МИР» МТРКсы, «Россия  сегодня», “России”,  «ТАСС», “Интерфакс” маалымат агенттиктери,  “German TV ZDF”, Матч ТВ, Анадолу агенттиги, TRT TRT EL Arabia, НТРК «Өзбекстан» телеканалдары «Маданият ва маърифар», «Urkpress.info» маалымат агенттиги, «Image.ua» эл аралык журналы, Француз ALTAPRESS, France Televisions, МИА “Франс Пресс”, Немецкий Sputnik news Deutschland, «Корелла Фильм» эстон киностудиясы, Японская информационная агенство «Tosei» япон маалымат агенттиг жана башкалар келишти.

Ата мекендик 70ке жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 700дөн ашуун өкүлдөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырмакчы. Ага 26 интернет басылмалары, 7 радио, 30 мамлекеттик, облустук, жеке телеканал, 12 басма сөз кирди.