28.07.2016 23:00

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында коопсуздукту камсыздоо боюнча штабдын отуруму болуп өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо  боюнча отурум өткөрдү.

Отурумга укук коргоо органдарынын, тийиштүү министрликтеринин жана мекемелердин жетекчилери катышты.

“II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, сактоо боюнча бардык чаралар көрүлүшү керек. Бул багытта укук коргоо органдарга өзгөчө жоопкерчилик жүктөлдү” – деп вице-премьер-министр баса белгилей кетти.

Тышкы иштер министри Кашкар Жунушалиев билдиргендей, коомдук тартипти сактоого 4 миңден ашык милиция кызматкери тартылат, ошондой эле 2 миңге жакын автотранспорт каражаты колдонулат.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында жумушчу топ түзүлүп, анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Мындан сырткары, коомдук тартипти жана кооопсуздукту камсыздоо, сактоо боюнча негизги иш-чараларга көрүлүп жаткан даярдыктар менен ошол эле жерден таанышуу чечими кабыл алынды.

Муну менен бирге эле, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Манас” жана “Тамчы” эл аралык аэропортторунда, “Манас” эл аралык аэропорту - Бишкек, Бишкек - Чолпон-Ата сыяктуу стратегиялык жолдордо, ошондой эле иш-чаралар өткөрүлө турган жерлерде коопсуздукту камсыздоо боюнча кылдат иштелип чыккан планды даярдоо тапшырмасын берди.

Алынган булак: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Алынган булак: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү