01.09.2016 15:12

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы медициналык тез жардам

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жарандарга медициналык тез жардамды Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 28 бригадасы жана 20 унаасы камсыздайт.

Биринчи тез жардамды убагында көрсөтүү максатында доктурлар  адам көп чогулган, спорттук жана маданий-массалык иш-чаралар өтө турган жерлерде болот.

Мындан сырткары, Оюндарга катыша турган спортчулар, катышуучулар, чет мамлекеттердин делегациялары, туристтер жана жарандар жүрө турган Бишкек – Балыкчы -  Чолпон-Ата – Кырчын – Кара-Кол – Бишкек унаа жолдорунда тез жардам унаалары менен камсыздалган медициналык күзөттөр (посттор) иштейт. Негизинен бул күзөттөр “Манас” аэропортунда, “Манас” – Бишкек трассасында, Бишкектин айланып өтмө жолунда, Кант шаарында, Токмок шаарында, Боом капчыгайында, Балыкчы шаарындагы экопостто, “Тамчы” аэропортунда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана Кырчын жайлоосунда орун алмакчы.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Оюндарды өткөрүү жерлеринде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлөт. Бул максатта коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарынын жетекчилери ичүүгө жарактуу жана көлдүн   суусунун, агып чыкма сууларынын, жердин, жээктеги кумдун тазалыгын лаборатордук текшерүүдөн өткөрүүнү уюштурат, дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дератизациялык иш-чаралар да жүргүзүлмөкчү, ошондой эле ичүүгө жарактуу суунун жана тамак-аш азыктарынын лаборатордук изилдөөдөн өтүшү үчүн күн сайын алардын майда үлгүлөрү (проба) алынып турат. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы