31.08.2016 11:30

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий программалары бекитилди

2016-жылдын 3-8-сентябрында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий программалары бекитилди.

Мелдештерге 53 мамлекеттен келген минге жеткен спортчу катышмакчы.

Иш-чараны жалпысынан массалык маалымат каражаттарынын 500гө жакын өкүлү чагылдырат, анын ичинде 35 өлкөдөн келген чет элдик ММКнын 320дай өкүлү бар. Түз эфир аркылуу көрсөтүүнү ондогон жергиликтүү жана чет элдик телеканалдар камсыздаганы турат.

Катышуучулар жана көрүүчүлөр укмуштуудай ачылыш жана жабылыш аземине, спорттун 23 түрү боюнча ар түрдүү спорттук мелдештерге, ошондой эле көрктүү фольклордук фестивалга күбө болушат.

2016-жылдын 3-8-сентябрында спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунун бир нече жеринде бир эле убакытта өтөт. Мисалы: “Ысык-Көл. Аврора” санаторийинде, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында, ошондой эле Кырчын жайлоосунда.

4-8-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосу “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы өтө турган негизги аянтча болмокчу.

Оюндардын ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында 3-сентябрь күнү өтөт. Негизги азем кечки саат сегиз жарымда башталат. Көрүүчүлөрдүн моокумуна канарлык шоуда чабандестердин көргөзмө оюндары, концерт, катышуучу мамлекеттердин бардык командаларынын эл алдына ирээти менен салттуу чыгуусу ж.б. болот.

Кийинки күнү, 4-сентябрда саат 15:00дө Кырчын жайлоосунда расмий түрдө этнофестиваль ачылат. Ошондон тартып баардык каалоочулар үчүн “Кырчын айылы” аталышындагы боз үйлөр шаарчасынын эшиги ачылып, ал 5 күн бою меймандарды акысыз кабыл алмакчы. Анда бардык катышуучулар жана коноктор салттуу көчмөн жашоосуна тиешелүү өзгөчөлүктүн бир бөлүгү боло алат.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы абдан жыш жана ар тараптуу болот. Анда этнофольклордук музыкалык жана бий коллективдери, ырчылар, төкмө акындар, манасчылар, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, театралдаштырылган сахналар, улуттук ашкана тамактарынан даам сызуу (дегустация) жана башка көптөгөн кызыктуу иш-чараларлы камтыйт. Этношаарчага Кытайдын маданият кербени келип, башка мамлекеттердин чет элдик делегациялары да өзүнүн улуттук салт-санааларын жана үрп-адаттарын таанытмакчы. “Кыргыз айылынын” аянтчаларында элдик кол өнөрчүлүктүн жана музыкалык көркөм өнөрдүн усталарынын арасында мелдештер уюштурулат. Кыргызстан облустарынын өкүлдөрү боз үйдү тез убакыттын ичинде тигүү боюнча жарышат. Фестивалдын негизги бөлүгүн улуттук спорттук мелдештер түзөт.

Чолпон-Ата шаарында өтө турган спорттук иш-чаралардын так ырааттамасын (расписание), Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалынын программасын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын www.worldnomadgames.com расмий сайтынан көрө аласыздар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы