09.08.2016 16:49

Япониялык NHK телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырат

Япониянын «NHK» коомдук телерадиокомпаниясы Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууну пландаштырууда.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, телеканал Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн өзүнүн атайын тобун жиберет.

Оюндардын жүрүшүндө NHK Япониянын коомчулугун көп кылымдык көчмөндөр элдердин маданияты жана салттары, мындан тышкары спорттук жана массалык-маданий иш-чаралардын жүрүшү тууралуу тааныштырат.

 Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Япониядагы консулу Ч.Айдарбековдун «NHK» коомдук телерадиокомпаниясынын президенти Катцуто Момии менен жолугушусунда кызматташуунун негизги багыттары талкууланып, Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн журналисттерди жиберилиши макулдышылган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы

Маалымат. NHK (Эн-Эйч-Кей) — дүйнөдөгү эң бир чоң телекомпаниянын бири болуп саналган Япониянын коомдук телерадиокомпаниясы. Азыркы убакта компанияга эки эфирдик телеканал, үч спутник жана үч радио каналдары таандык. NHKнын чет өлкөлүк аудиториясы үчүн NHK World кызматы иштейт.

Сурамжылоонун негизинде, NHK каналын Япониянын көпчүлүк тургундары өлкөнүн улуттук байлыгы деп эсептешет.