07.09.2018 13:11

Кырчын жайлоосунун территориясын жыйнаштыруу жүрүп жатат

400дөн ашуун адам Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосун жыйыштырып жатышат, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программаларынын алкагында бери дегенде миңден ашык боз үй тигилген этношаарчадагы  боз үйлөр чечилди.

КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов айткандай, волонтерлор, акимиаттын, «Тазалыктын» өкүлдөрү, жана башка тийиштүү мамлекеттик органдар тартипке келтиришүүдө.

«Жайлоодогу тазалыкты сактоо жана ал жерди тартипке келтирүү – бул биз өзүбүз алдыбызга  койгон башкы приоритет. Ошондуктан Кырчын этношаарчасындагы маданий иш-чаралардын бардыгы аяктаган соң дароо эле биз жыйыштырууну жүргүзөбүз», - деп белгиледи А. Жаманкулов, бардык катуу тиричилик калдыктарын чогултуп, бул жерден алып кетишерин кошумчалады ал.

Анын айтымында, этношаарчадагы маданий программалар аяктаары менен тигилген боз үйлөрдүн 80%ына жакыны чечилген. 

Кырчын этношаарчасындагы ири маданий программа үстүбүздөгү жылдын 3-6-сентябрь күндөрү болуп өткөнүн эсиңиздерге сала кетебиз.