09.11.2016 20:36

Кыргызстан экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгын чыгарды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрь күндөрү өткөрүлдү. ДКО  - улуттук бренд болгону менен эл аралык аренада өз ордун туруктуу ээлеп келе жаткан ири деңгээлдеги мамлекеттик долбоор.

 “Акыркы жылдары спорттун коммерция жана саясат жаатына тартылып жаткандыгы, спорттук мелдештердин идеологиялык карама-каршылыктар жана пикир келишпестиктер алкагына айланышы бизди спорт гуманизациясы тууралуу ойлонууга мажбур кылат.

Мына ушунун негизинде Көчмөндөр оюндарынын негизги идеясы: көп сандаган элди жана маданияттарды бириктирүү идеясы түзүлүүдө. Биз көчмөндөр үчүн бул окуя  ата-бабаларыбыздын тарыхын чагылдыруу майрамы, урпактарыбызга жана бүтүндөй дүйнөгө көчмөн маданиятынын бүтүндөй байлыгын таанытуу мүмкүнчүлүгү десек болот.

Көрүүчү.лөр жаңы билимге ээ болууга, табигый жаратылышты жана байыркы салт-санааларды өз көзү менен көрүүгө, көчмөндөрдүн кең пейилдигине жана ак көңүлдүгүнө күбө болууга мүмкүнчүлүк алышат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жана меймандарына кайрылып жатып: “Ошондуктан фестивалдын программасына жөн гана спорттук мелдештер эмес, көчмөндөрдүн жашоо-тиричилиги, салт-санаалары, көркөм өнөрү жана философиясы менен таанышуу да камтылды” – деп белгилеп өттү.

Көчмөн элдер цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурасын жандандыруу жана сактоо идеясы 2014-жылы биринчи ДКОго катышкан көптөгөн мамлекеттин колдоосуна алынып, ар кайсы мамлекеттерди бириктире алды жана экинчи ДКОго каалоосун билдирген башка өлкөлөрдүн кызыгуусуна арзыды.  

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 62 өлкө катышты. Анын 17и маданий программаларды тартуулады; спорттук делегациялар катары 62 өлкө жана 1200 катышуучу чыкты. Бул жылы биринчи Оюндарга салыштырмалуу спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештердин саны көбүрөөк болду. Мамлекеттердин өкүлдөрү спорттун 23 түрү боюнча мелдешке катышты. Спорттун түрлөрү боюнча жалпы байге фонду 28 млн 400 миң сомду түздү.

Мелдештерде жалпы саны 387 болгон 79 комплект медаль ойнотулду, анын: 111 алтын, 111 күмүш жана 165 коло. Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлгөн жекеме-жеке күрөшүү, анын ичинен улуттук күрөш кыргыз күрөшү  көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусуна арзыды. 700 кишиге ылайыкталган зал мелдештер өткөрүлгөн күнү көрүүчүлөргө толуп турду.

Көк бөрү жана ордо боюнча мелдештерде өзгөчө айырмаланып турган катышуучулар Орусия жана АКШ командаларынын өкүлдөрү болду.

Көрүүчүлөр айрыкча күтүп, өзгөчө колдоо көрсөткөн мелдеш Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы көк бөрү боюнча матч болду. 10 миң кишилик ат майдан ар кыл мамлекеттин күйөрмөндарына жыйыла толду. 

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 10 улуттук түрү боюнча өткөрүлгөн, алардын тогузу Кыргызстан, бирөө Казакстан тараптан чыккан. Бул жылы мелдештер спорттун 23 түрү боюнча өткөрүлдү, анын 7 түрү Түркия, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Якутия (ОФ) тараптан болду.  

ДКОнун көркөмдүү иш-чараларын экранга чагылдыруу үчүн ММКнын бардык түрү боюнча 650 өкүл, ошондой эле ондогон блогер келди. Алардын 300дөн ашуун медиасы 35 өлкөнүн 90 чет элдик ММКсынын атынан катышты, калгандары – жергиликтүү ММКнын өкүлдөрү.

Ачылыш аземди түз эфир аркылуу МИР24, МирHD, Матч ТВ, ТRТ телеканалдары, Казспорт, Түркмөнстандын, Азербайжандын ж.б.у.с. телеканалдар көрсөттү. Жергиликтүү телеканалдардан КТРК, КТРК Спорт, КТР Маданият, ЭлТР, 5-канал, Пирамида, НТС, ошондой эле бардык облустук телеканалдар болду.

Андан сырткары, “Euronews”, “NHK”, “Al Jazeera”, “China TV”, “Deutsche Welle”, “Russia Today”, “Моя планета” ж.б.у.с. Орусиянын, Казакстандын  ири телеканалдары көрүүчүлөрүнө ДКО тууралуу кабарларды жана иш-чаралары тууралуу атайын репортаждарды тартуулады. Reuters, National Geographic, China Daily, Associated press, Sputnik, Синьхуа сыяктуу ири басмалар жана маалыматтык агенттиктер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу материалдарды улам жарыялап турду.

Жалпысынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине дүйнө жүзү боюнча  800 млн көрүүчү күбө болду. Ал эми ат майданда 10 миң киши аземге өз көзү менен күбө боду.

Кырчын жайлоосунда “Кыргыз айылы” аталышындагы этношаарча ачылды. Анда Кыргызстандын жети облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын атынан 9 көчмөн конушу орнотулду. Мында көрүүчүлөр көчмөндөрдүн маданиятына күбө болууга жана кыргыз элинин салт-санаалары жана үрп-адаттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алды. “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалында мунун баары толугу менен чагылдырылды. Оюндардын меймандары жана катышуучулары ар кайсы элдин улуттук турак-жайларын көрүү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештердин көрүүчүлөрү болууга мүмкүнчүлүк алышты.

“Кыргыз айылы” этношаарчасынын биринчи ачылыш күнүндө өтө чоң эмгек менен даярдалган программага 40 миң көрүүчү күбө болду.

“Nomad Fest” аталышындагы дагы бир ири фестиваль ат майданында өткөрүлүп, ага кыргыз жана чет элдик артисттер катышты. Үч күн бою Кыргызстан бүтүндөй дүйнөгө өз улутунун баалуулуктарын, маданиятын жана жашоо-тиричилигин тааныткан ар кыл элдин аянтчасы болду.

ДКО-2016 сахнадагы программаларга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 5000 артист жана актер катышты.

Жабылыш аземинде Ottawan (Patrick Celestin) тобу, "А'Студио" тобунун экс-солисткасы, попхаус-аткаруучу, таанымал орусиялык   ырчы Полина Гриффис, "Город 312" тобу, үч кыздан түзүлгөн  Казакстандын "Аюми" (Ayumi) тобу, Turkvizyon 2013 жеңүүчүсү, Азербайжандын ырчысы Фарид Хасанов, Turkvizyon 2014 финалисткасы, Түркиянын ырчысы Килич Фунда катышты. Якутиядан келген дуэт Евгений Золотарев и Н. Лхасаранова ырын аткарат.

Мындан  сырткары, кыргыз бийчиси Жан Воинов менен бирге белгилүү бийчи, шоумен, АКШнын "Минуты славы"  көрсөтүүсүнүн финалисти Snap Boogie (Cjaiilon Andrade) биргелешип өнөрүн тартуулайт.

ДКО дүйнөлүк глобализация учурунда өз маданиятын жана салт-санааларын сактай алган, өз элинин уникалдуулугун жана өзгөчөлүгүн таанытуудан тартынбаган мамлекетти дүйнө коомчулугуна алып чыкты.

 

Тиркеме 1

Кошумча маалымат:

  • Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн бардык эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы ат майдан, ошондой эле ультра заманбап дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси курулду;
  • Ат майдандын курулушу гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашты; дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси «Газпромнефть Азия» тарабынан «Газпром – балдар үчүн» программасынын алкагында курулду;
  • ДКО-2016 бюджетинин жалпы суммасы иш-чаранын аягында такталып эсептелет. Азыркы тапта республикалык бюджеттен меймандарды тосуп алуу үчүн 150 миллион сом, ДКО алкагындагы концерттерди жана иш-чараларды уюштурууга 20 миллион сом бөлүндү. Мындан сырткары, Финансы министрлиги Мамлекеттик спорт комитетине ссуда бөлүп берген. Комитет ДКО ачылыш жана жабылыш аземдеринин режиссурасына жоопкерчиликтүү болгон питердик «Солярий» компаниясы менен контракт түзгөн;
  • ДКО иш-чараларын өткөрүү үчүн негизинен демөөрчүлүк каражаттар жумшалды. ДКОнун башкы демөөрчүлөрү: MegaCom компаниясы, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Turkish Airlines. Демөөрчүлөр тууралуу бардык маалыматты ДКОнун расмий сайтында көрсөтүлгөн.
  • ДКОну өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан 2 миллион доллар бөлүндү. Анын жарымы акчалай каражат, калган жарымы авиабилет, кийим-кече, байланыш ж.б. кызматтар түрүндө камсыздалды.
  • Ачылыш жана жабылыш аземдерине 3 миллион доллар бөлүндү.
  • ДКОго бөлүнгөн демөөрчүлүк каражаттар аккумуляцияланган эсеп эл аралык аудитке белгилүү, жеткиликтүү болот. Ал өз ыктыяры менен берилген жардамды пайдалануунун таза болушун камсыздайт.
  • Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИБнин 4600 кызматкери, Ысык-Көл облусуна облустун бардык аймактарынан 2600 милиция кызматкери жана КРКК БШнын 500 аскер кызматкери тартылды. Ар бир объектке ӨКМ жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери коюлду.
  • Стратегиялык объекттер, Кырчын жайлоосу, делегация жана спортчулар жашай турган жайлар 24 саат бою сактоо көзөмөлүнө алынды.
  • Балыкчы-Каракол трассаларында патрулдук милициясынын башкы башкармалыгынын жана КР ИИМ атайын дайындалган полкунун кызматкерлеринен турган 5 блокпост орнотулду;
  • Экинчи ДКО өтүп жаткан учурда меймандарга жана катышуучуларга медициналык жардамды 50гө жакын жогорку квалификациялуу дарыгерлер көрсөттү. Биринчи тез жардамдын 28 бригадасы түзүлүп, 20 автоунаа тартылган. Ат майданда, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда Оюндар аяктаганга чейин 24 саат бою медициналык посттор иштеди. Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу оорулардын профилактикасы жана мамсанэпидкөзөмөлүнүн20 санитардык дарыгери санитардык-эпидемиологиялык текшерүүнү жүргүзүп турду.