12.07.2016 12:00

Малайзиянын ММКсы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын экранга чагылдырууга катышат

Улуттук оюндар боюнча Кыргызстандын “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” деп аталган долбоорунун иш-чараларын экранга чагылдыруу процессине чет элдик ММКларды тартуу максатында, ошондой эле элчиликтин Кыргызстандын туризм потенциалын өнүктүрүү боюнча ишинин алкагында алдыңкы ММКлардын өкүлдөрү үчүн элчилик тарабынан ифтар (ооз ачуу) уюштурулду.

Иш-чарада ММК өкүлдөрүнө кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, салт-санаалары жана үрп-адаттары, ошондой эле Кыргызстандын туризм потенциалы  тууралуу кенен маалымат берилди.

Чолпон-Ата шаарында 2016-жылы 3-8-сентябрда өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу маалыматтар жана анын философиясы келген коноктордун өзгөчө көңүлүнө арзыды.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси К. Султанов экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын максаты дүйнөдөгү элдердин көчмөн цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурасын жандандыруу жана сактоо, ошондой эле көчмөн маданиятын таанытуу болуп саналат деп белгилей кетти. 

Иш-чаранын коноктору Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын өзгөчөлүгүнө таң беришип, анын экранга чагылдырылышына, дүйнөнүн ага күбө болушуна өзгөчө кызыгуусун көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Малайзиянын эки ММКсынын: “Bernama” кабар агенттиги жана  ТВ-3түн өкүлдөрү менен улуттук оюндар боюнча Кыргызстандын “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” деп аталган долбоорунун иш-чараларын экранга чагылдырууга байланыштуу макулдашуу түзүлдү. “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” Кыргызстанда, т.а. Чолпон-Ата шаарында 2016-жылы 3-8-сентябрда өткөрүлөт.

Аоынган булак: Культура АКИpress