24.08.2018 14:35

Ысык-Көлдө ордо боюнча улуттук курама команда окуу - машыгуу жыйындарын өткөрүүдө

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын ордо боюнча улуттук курама командасы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 17 - августтан 30 - августка чейин окуу-машыгуу жыйындарын төмөнкү курамда өткөрүүдө:

1. Кубанычбек Монолдоров 1995 т.ж  СЧ

2. Майрамбек Касымалиев 1989 т.ж  СЧ

3. Эсенбек уулу Эркинбек 1995 т.ж  СЧ

4. Майрамбек уулу Нурсултан 1995 т.ж  СЧ

5. Кубанычбек Суйунбеков 1990 т.ж  СЧ

6. Кубанычбек ашыралиев 1997 т.ж  СЧ

7. Данияр Искендеров 1985 т.ж  СЧ

8. Кадырбек Акматов 1983 т.ж  СЧ

9. Жаныбек Айталиев – ага машыктыруучу

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө 194 миң сом бөлүнгөн.

Ордо – кыргыздын кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп келген, коом ичинде жайылтылган оюн. “Ордо” деген сөздүн өзү эле хандын ордосу дегенди билдирет. Оюндун маңызы ордону ээлик кылуу болуп саналат.

Ордо бул душманды кантип жеңүү тууралу согуш майданынын картасын элестетет. Жерге тегерете чийилген оюн талаасы мамлекеттин аймагын түшүндүрөт, атаандаштар салгылашуунун планын түзүшөт. Ханды атып чыгуу – падышаны тактан кулатууну билдирет.

Ойунда, ички саясатты туура жүргүзүүнү билүү абзел, чийиндин ичинде, мындайча айтканда бийликте болгондуктан, кылдаттык жана тактык керек.