Ат майдан

Ат майдан

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы Бишкек шаарынан 270 км алыстыкта орун алып, 25 гектар аянтты ээледи жана жалпысынан 10 миң орундуу болуп курулду. Майдан көлдүн жээгинде жайгашкан Орто Азиядагы жалгыз ат майданы болуп саналат.

Ат майдан трансформатордук подстанциялар, сырткы электр түйүндөрү, ичүү жана чарбачылык керектөөлөрдүн булактары (скважина) менен жабдылып, видео байкоо жүргүзүү үчүн  181 камера, коопсуздук жана өрт өчүрүү сигнализациясы орнотулган.

Долбоорду уникалдуу долбоор деп атоого болот. Анткени мындай кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстанда бир гана улуттук эмес, эл аралык деңгээлдеги курулуш ишке ашып, анда баардык тиешелүү тартиптер жана стандарттар сакталган.