Дене тарбия дана ден соолукту чыңдоо комплекси

Дене тарбия дана ден соолукту чыңдоо комплекси

Дене тарбия, ден соолукту чыңдоого багытталган дарылоо иш-чараларына жана коомчулуктун спорттук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө байланыштуу машыгууларды, иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган архитектуралык объект, атайын имарат.

Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан. 

Комлекстин үч кабаттуу имаратынын жалпы аянты 2000 метр кв. Комплексте спорттун ар кандай түрү менен машыгуу үчүн баардык шарттар каралган. Анда кичи футбол, баскетбол, волейбол, чоң теннис, гандбол, күрөш, бокс, ж.б. карата жабдыктар менен камсыздалган көп функционалдуу спорт зал орун алган.

Андан сырткары, имаратта көрүүчүлөр үчүн 600 орундуу кире бериш бөлмөлөрү (вестибюль), кафе, көчмөн цивилизациясынын борбору, 500 орундуу конференц-зал жайгашкан.