Алыш

Алыш

Алыш – кыргыз элинини улуттук бел боо күрөшү.

Алыш күрөшүнүн тарыхы өзүнө тээ байыркы замандарды камтып келет. Ошондой эле күрөштүн бул түрү кыргыздардын байыркы спорт оюндарынын бири болуп саналат.

Балбандар көк жана жашыл түстөгү атайын футболка, ак түстөгү шым кийишет, ал эми кур болсо кызыл өңдө болот.
Балбандын баштапкы позициясы: спортчунун башы өзүнүн атаандашынын ийин жагында болуп, анын буттарынын кыймылын өзүнүн колдорунун астынан байкап турат. Балбандар өзүнүн бел жагында алдыга ийилүү менен атаандашынын оң колун өткөрөт дагы сол колун болсо оң колунун үстүнө алып келип бири-биринин курларын кармашат. Күрөш бутка турган абалда гана уланат. Ар бир балбандын негизги милдети атаандашынын курун коё бербестен далга кулатуу болуп эсептелет.