Көк бөрү

Көк бөрү

Көк бөрү – ат үстүндө ойнолуучу улуттук оюн.

“Көк бөрү” оюнунун жаралышы алыскы тарыхка барып такалып, тамыры терең. Көчмөндөр коомунда эркектер элди тамак аш менен камсыз кылуу максатта ууга чыгып, мал жандыктар аксакал, аялдар жана жаш балдардын карамагында калган. Ошол учурда карышкырлар айылга кирип келип, малдарды кырып, айыл элине коптөгөн кыйынчылыктарды алып келген күндөр арбын болгон. Аңчылыктан кайтып келген эр жигиттер мындай көрүнүшкө жини келип, чымыр, шамдагай, күлүк аттары менен карышкырлардын үүрүнө ууга чыгышкан.

Үүрдү кубалап жеткен соң качып бараткан карышкырды жерден эңип, бири бирине ыргытышып, кайра бөрүнү талаша бири-биринин колунан жулушуп ойношкон.

Алыскы доордо оюндун негизги багыты, жоого даярданууга багытталган. Оюн учурунда аттарда, ат үстүндөгү эр жигиттер да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, топту жарып кирүүгө тарбияланат.