Гореш

Гореш

Гореш – түркмөн элинин улуттук күрөшү.

Түркмөн элинин улуттук күрөшү болгон гореш спорттук бел күрөшүнүн белгилүү бири түрү болуп саналат. Бул күрөштүн түп-тамыры эң илгерки убакка туура келет. Түркмөн элинин тарыхый булактарында бир гана эркектер эмес, аялдар дагы күрөштүн ыкмаларын билишкен деген маалыматты кезиктирүүгө болот.

Атагы чыккан балбандар шыктуу окуучуларды тарбиялап, алардан палвандарды, т.а. күрөштүн устаттарын даярдашкан. Алар да өз учурунда топтогон тажрыйбасын кийинки өзүнүн окуучуларына өткөрүшкөн. Кылымдарды карыткан гореш күрөшү укумдан-тукумга берилип, азыркы күнгө чейин өзгөртүлбөстөн сакталып келди.

Гореште балбандар атаандаштын денесинин кандайдыр бир бөлүгүн, таманынан башка, килемге күч менен тийгизип, балл топтой алышат.