Эр эӊиш

Эр эӊиш

Эр эңиш – ат үстүндөгү эңишүү.

Эр эңиш – кыргыздардын улуттук чабандестер күрөшү. Бул оюн жоого керектүү тартиптен улам жаралып, согушка пайдаланылган.  Байыркы кезде согуштун салгылашуу эрежелери катуу жана кооптуу болгон. Майдандагы бетме-бет кармашууда жеңишке жетүү максатта колдонулган. Азыркы заманга чейин чабандестин туура тактикалык ой жүгүртүүсү, күчүн туура пайдаланылышы жана анын аты, жеңиштин ачкычы болуп саналууда. Эр эңишке чыга турган ат күчтүү, салмактуу, оордунда бекем турган, үстүндөгү чабандести сезе билген, оор басырыктуу, чыдамкай ат болушу керек.

Азыркы учурда эр эңиш тегерек чийин ичинде, тегиз аянтта өткөрүлөт. Эңишке белден өйдө жылаңачтанган, камчысы менен эки адам чыгып, белине бел боо байланып, чеке терисин аарчыганга бетаарчысы болушу керек жана кийген кандагайы, шымы бекем кездеме же булгаарыдан тигилүүсү абзел. Эңиштин алдында арбитрдин буйругу менен эки жак ортого бастырып келишет.

Команданын негизинде эңиш башталат. Жеңишке ээ болуш учүн чабандес атаандашын атынан оодарып, атаандашынын денесинин бир мүчөөсүн жерге тийгизсе, жеңди деп эсептелинет.