Гюлеш

Гюлеш

Гюлеш – азербайжан элинин улуттук күрөшү.

Балбандардын кийими: жумшак куру менен бышык көлбөйгөн кең шым, т.а. атайын бычылган чалбар, бутунда болсо жеңил бут кийим. Шымы тизеден бир аз ылдый, абдан тар келген түрдө болот. Атаандашты денеден, буттан, белинен жана шымдын каалаган жеринен кармап жыкса болот. Бутун чалууга да уруксат берилет. Балбандын партерде күрөшүп жаткан маалда атаандашын денесинен, бутунан, шымынан кармап жана өзүнүн буттарынын жардамы менен чалкасынан оодарганга мүмкүнчүлүгү бар.

Беттешээрден мурун музыка коюлуп, спортчулар үчүн “мейдан гезмек” оюн алдында машыгууга бир мүнөттүк убакыт бөлүнөт, андан соң атаандаштар саламдашат. Кармашуу өзгөчөлөнүп, такыр башкача башталат: балбандар килемдин ортосуна келишет, бири-бири менен саламдашып, кармоосун коё бербестен, кезектешип ийиндери менен бири-бирин түрткүлөшөт, 3-түртүү катуураак болот дагы, балбандар бири-биринен алыстай түшөт, ошентип кармашуу башталат. Эгерде балбан атаандашынын эки далын тең килемге тийгизе жыкса өзүнө жеңишти камсыздаган болот. Оодарылса, далы килемге тийип өтө тез көтөрүлсө балбан жеңилди деп эсептелинбейт. Кармашуунун убактысы 15 мүнөткө чейин созулат. Ошондой эле жеңиш күрөшүү ыкмалары көп колдонулган учурда да берилет.