Казаx куресы

Казаx куресы

Казаx куресы – казак элинин улуттук күрөшү.

Казак элинин улуттук күрөшү болгон казак күрөшү казактардын байыркы улуттук спорт түрлөрүнүн бири болуп саналат.
Кездемеден иштелген атайын кур байланган чапан кийилип, кармашуу башталат. Курду же андан өйдө ар кандай кармоолорго уруксат берилет. Кармашуунун негизги максаты атаандашын чалкасынан кулатуу болуп эсептелет.

Казак күрөшүндө спортчу, эки колу менен атаандашынын бутунан кармап жыгууга, ошондой эле партер же жаткан абалда күрөшүүгө болбойт. Балбандардын техникалык арсеналында көптөгөн ыктар бар. Күрөштүн бул түрүндө балбанга кийимден, бир же эки колдоп курдан, колдон же тулку бойдон каалагандай кармап, атаандашын чалып, кадамын кесип, бутунан илип тартып, аркасынан, санынан жана төшүнөн курчап чабууга уруксат берилет.