Кыргыз күрөш

Кыргыз күрөш

Кыргыз күрөш – кыргыз элинин күрөшү.

Байыртадан эле ар бир эл кайраттуу баатырлардын даярдыгына өзгөчө маани беришкен. Анткени ал баатырлар аскердик жүрүш убагында, ошондой эле көңүлдүн чордонунда улуттук күрөштүн түрлөрү болгон, чоң салтанаттарда өз элин таанытып, элинин намысын коргоочулары болуп эсептелинишкен.

Жомоктор, үлгү-насыят аңгемелери жана тарыхый документалдуу булактар көрүнүктүү баатырлар тууралуу көптөгөн маалыматтарды камтыйт. Ал эми күрөш болсо салттуу маданияттын маанилүү бөлүгү болуп, азыркыга чейин өзүнүн барктуулугун жоготпой келүүдө.

“Кыргыз күрөшү” - кыргыз элинин байыркы улуттук күрөш түрлөрүнүн бири.

Спортчулар ак түстөгү кең шымды кийишет, ал эми үстү жылаңач болот. Алар атайын килемде бири-бирине бет маңдай турушат дагы атаандашынын курун эки колу менен бекем кармашат. Кармашууда курду бир кол менен кармоо үчүн бир аз убакыт берилет. Кармашуу учурунда ким биринчи болуп атаандашын далга кулатса ошол жеңүүчү болуп саналат.

Кыргыз күрөш мелдешин өткөрүү эрежеси