Кураш

Кураш

Кураш – Өзбек элинин улуттук күрөшү. Өзбек тилинде “күрөш” деген “ийгиликке татыктуу жетүү” дегенди билдирет. Балбандан дзюдонун татамисиндегидей, атайын килемдерде, туруп күрөшүшөт. Күрөштө, жаткан абалда оюнду баштоого тыюу салынат. Күрөштө турган абалда, чабып жана чалууга болот. Муштум колдонууга, кыкынтууга, белден ылдый кармап чабууга тыйуу салынат. Мунун баардыгы күрөштү эң жөнөкой жана коопсузду кылат.

Кураш азыркы Өзбекстандын жеринде, илгери жаралган оюн. Кураш – согуштук коргонуунун бир түрү да болуп саналат. Кураштын жаралышы 3500 жыл мурунку тарыхка барып такалат. 2500 жыл мурун байыркы Грек философу, тарыхчы  Геродот өзүнүн “Тарых” деген чыгармасында курашты Өзбек элинин салттарында жазып кеткен.